Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:00
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Эркин күрөш боюнча курама Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 2-орунду ээледи

11.03.2024 16:05
604
Эркин күрөш боюнча курама Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 2-орунду ээледи


Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Түркияда өткөн "Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan" аталышындагы эл аралык мелдешинин жыйынтыгы менен 2-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 1-орунду 115 упай менен Иран мамлекети, 2-орунду 111 упай менен Кыргызстан, 3-орунду 108 упай менен Монголия алды.

Алсак, атамекендик спортчулар Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (65 кг) жана Эрназар Акматалиев (70 кг) 1-орунду ээлеп алтын медаль утса, Бекболот Мырназар уулу (57 кг), Алмаз Сманбеков (57 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (70 кг) 3-орунду ээлеп, коло байгенин ээси болушту.

Эске салсак, эркин күрөш боюнча мелдештер 9-10 март күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өтүп, жалпы 10 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышып жыйнтыгында 3 алтын, 4 коло медаль багындыра алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн