Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер: “Cумо боюнча дүйнөлүк мелдеште биздин балбандар жалпы командалык эсепте 2-орунду ээлешти”

30.11.2023 08:59
815
Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер: “Cумо боюнча дүйнөлүк мелдеште биздин балбандар жалпы командалык эсепте 2-орунду ээлешти”


- Эрлан мырза, жакында Японияда сумо боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Биздин балбандарды КР сумо ассоциациясынын президентинин кеңешчиси катары коштоп барып келдиң. Биздин балбандар кандай көрсөткүчтү көрсөтө алышты?


- Чынын айтыш керек, кыргыздар күрөш дегенде жантыгыбыздан жата калабыз. Жапон элинин улуттук спорт оюндарынын төрөсү болгон сумо күрөшү мындан миңдеген жылдардан бери ата-бабалардан бери келаткан мурасы. Император жактырган оюн. Албетте, сумо боюнча дүйнөлүк мелдеште биздин балбандар да татыктуу күрөш жүргүзүп, жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледик. Жапондор сап башында болду. Бу жерде монголдор 2-орунга илинбей калгандарына абдан ыза болушту.


- Олимпиадалык оюндардын түрүнө киргизүү үчүн көп жылдардан бери аракет кылып келатышты эле, бу жагында эмне жаңылык?


- Олимпиадалык оюнга киргизүү үчүн аракеттери күч экен. Айтсак, мурун сумо менен эркек балбандар гана шугулданышчу. Акыркы үч жылдан бери аялдар арасында да жанданып, мелдештер байма-бай өтүп атыптыр. Бу жолу да мелдеш аялдар арасында болду. 


- Салмак чендери бар бекен?


- Азырынча салмагына карабайт. Балбандар таразага түшпөйт. Салмактарды ажыратыш – келечектин жумушу окшойт. Дагы бир кызыгы, 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы олимпиада оюндарында сыпаттама катары оюнду коомчулукка көргөзүшөт экен. Мүмкүн 2028-жылкы олимпиада оюндарына сумо күрөшү кирип калат. 


- Күрөш күрөшү менен, Япония мамлекетине баргандан келгенге чейин сени суктандырган, бизде жок эмнени байкай алдың?


- Андай нерселери чачтан көп. Суктанып, тамшанып бүтө албайсың. Баардык көрүнүштөр өз орду менен. Шаардын ичинде таштанды сала турган челектер жок. Ар бир жапон үйүнөн чыгып атканда далысында рюкзак болот. Өзүнө тийешелүүлөрүн ошол жакка сала берет, кечинде үйүнө алып кетет. Көчөлөрүнөн ийненин учундай таштанды көралбайсың, жадагалса жаандары туптунук, чыны тосуп ичип ийгиң келет. Эгер чет мамлекетке чыгып келсең, сени “мээсине, психологиясына доо кетти. Жашоого болгон көз карашы өзгөрдү” деп калыбына келтирүү үчүн кайрадан окутат экен. Кайсы бир балмуздак чыгарган миллиардер бизнесмени мындан эки жылча мурун экономикалык абалга жараша арзыбаган тыйынга кымбаттатыптыр. Ал ушу күнгө чейин коомчулуктан кечирим сурай берет экен, “айла жоктон баасын көтөрдүк” деп. А бизде ушундай түшүнүк барбы? Дагы бир жолу айтам, мындай кызыктар көп, айта берсе сөз түгөнбөйт. 

                                                                   

Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн