Ички иштер министрлигинин Катчылык башкы башкармалыгынын башчысы болуп Эрмек Мамбетжанов дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамбетжановду аталган кызматка дайындоо боюнча тиешелүү буйрук 12-мартта чыккан.
Эрмек Мамбетжановдун үч жогорку билими бар. КР ИИМдин Академиясына 1998-жылы тапшырып, ички иштер органдарынын тутумунда 2003-жылы милициянын аймактык тескөөчүсү кызматынан баштаган, 2005-жылдан тартып, ички иштер органдарынын ар кандай ыкчам кызматтарында кызмат өтөп келген.
2019-жылдан баштап ИИМдин Ички иликтөө кызматынын бөлүм башчысы кызматтарын жетектеп кызмат өтөп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн