Эрмек Нургазиев Садыр Жапаровдун билдирүүсүн фейк деп атады. Бул тууралуу ал АКИпресс агенттигине билдирген.
"Бул пикирди кимдир бирөө жазган болушу мүмкүн. Бул фейк. Азыр көптөгөн фейк баракчалар бар. Садыр Жапаров менин мэр болушумду каалабаса түз эле чалып айтса, мен кетет элем", - деди Нургазиев.
Нургазиевди кызматтан алуу боюнча өкмөттүн буйругу чыга элек.
Эске салсак, Садыр Жапаров Инстаграмм баракчасы аркылуу "Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес", - деген билдирүү калтырган эле.
Пикирлер (1)