Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 21:56
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Эрмеков: Байсалов, сен Текебаевдин адамысың, ошого бар!

03.12.2020 17:45
716
Эрмеков: Байсалов, сен Текебаевдин адамысың, ошого бар!

Бүгүн Конституциялык кеңешменин жыйынында чыр чыкты. Чатак  Шарабидин Эрмеков менен Эдил Байсаловдун ортосунда болду.


Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштарын айтуу үчүн Нарын шаарынан келген пенсионер Шарабидин Эрмеков Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсаловду кошоматчы деп сындады. Анын пикиринде, элчинин Конституциянын жаңы редакциясына өзгөртүү киргизүүгө укугу жок.


«Байсалов, сен эмне үчүн бул жерде отурасың? Сен Жээнбековго кошоматтанып жүрүп элчилик кызматка келгенсиң. Эмне үчүн курултайга норма киргизүүгө каршы болуп жатасың?! Сен Текебаевдин адамысың, ошого бар!"- деп кыйкырык салган.


Конституциялык чогулуштун мүчөлөрү пенсионерден адамды жектөөдөн алыс болуусун суранышкан. Бирок, Эрмеков алардын сөзүн уккан эмес.


Кызыктуусу, Шарабидин Эрмеков коррупционер жана кылмышкерлердин өлүм жазасына тартылышы жөнүндө мыйзам киргизүүнү сунуштаган. Ошол учурда Эдил Байсалов пенсионерден Садыр Жапаров түрмөдөн адилеттүү түрдө бошотулганбы деп сураганда, ал суроону аягына чейин укпастан: "Биринчи кезекте сени атып салуу керек",- деп жооп берген. Ал дипломатка адепсиз сөздөрдү айта баштаганда, Элчи буга чыдай албай, Шарабидин Эрмековго орой жооп берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн