Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Эрназар Акматалиев Азия чемпионатында алтын үчүн күрөшөт

23.04.2022 12:53
799
Эрназар Акматалиев Азия чемпионатында алтын үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Монголиядагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Жарым финалда Акматалиев (70 кг) монголиялык Тэмуулен Энхтуяга аз жерден утулуп кала жаздады. Күрөштүн башында Эрназар алты упайды алдырып жиберди. Бирок күчүн бир муштумга чогултуп атаандашын 12:6 эсебинде артта калтырды.


Кыргыз балбаны мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, индиялык спортчуну 6:3 эсебинде жеңип алган.


Финалда Эрназар Акматалиев япон спортчусу Таиши Нарикуниге каршы күрөшөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн