Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Эрнис Акматов: “Бир түрк ишкеринин мыйзамсыз аракетине 4 мамлекеттик мекеменин алы жетпей жатат"

30.03.2021 22:00
8090
Эрнис Акматов: “Бир түрк ишкеринин мыйзамсыз аракетине 4  мамлекеттик мекеменин алы жетпей жатат"


Массалык маалымат каражаттарында, социалдык түйүндөрдө Түркиянын жараны Али Ифлазоглу деген жеке ишкер “Кыргызстанда чет элдик ишкерлердин иштөөсүнө шарт түзүлбөй жатат, мен ижарага алып иштеткен “Таксим бир туугандар” кафесинин кожоюндары менин  бизнесимди тартып алууга аракет кылууда, кожоюндун бийликтеги туугандары тарабынан  мага коркутуулар болуп жатат, коркконумдан үй-бүлөмдү Түркияга жөнөтүп жибердим, мага жардам бергиле” деген  билдирүүлөрдү байма-бай чыгарып, эки элдин кызматташтыгына доо кете тургандай билдирүүлөрдү таркатып жатат. Эркек адам мэриянын алдына барып алып көз жашын төгүп атса, чындап эле кыргыздар ушунчалык зөөкүрбүзбү, бирөөнүн көз жашынан коркпогон канкор элбизби деген ой кетет экен ар бир кыргызга. Ошондон улам “Таксим бир туугандар” кафесинин ээси Чынар Султанбекованын атасы  Эрнис Акматов менен жолугушуп, маселени экинчи тарабынан  карап, анын да жообун уктук (Чынар Султанбекова кичинекей баласы менен үйдө болуп журналисттер менен жолугушууга бара албагандыгына байланыштуу кафе тууралуу маалымат берүү укугун атасына берген экен).


- Эрнис мырза, айтсаңыз сиздердин кафени ижарага алып иштетип аткан  Али Ифлазоглу  деген түрк жараны сиздердин үй-бүлөгө абдан нааразы экенин айтып,  “менин бизнесимди кафенин ээлери тартып алганы жатат, мага кафенин ээлери тарабынан коркутуулар болууда, бир дагы чет элдик ишкер Кыргызстанга келип иш кылбасын, бул жакта тыштан келген ишкерлерге бут тосуулар көп” деген билдирүү таркатып, кыргыз бийлигинен жардам сурап жатат. Мындай маалыматтын канчалык чындыгы бар, сиздер эмне үчүн ишкердин ишин улантуусуна тоскоол болуп жатасыздар?

 

- Эч кандай анын бизнесин тартып алалы деген ниетибиз жок, биз өзүбүздүн имаратыбызды гана алалы дегенбиз, имаратты балким башка максатта колдонушубуз мүмкүн. Коомчулукта резонанс жаратып аткан окуя боюнча башынан түшүндүрөйүн. Бул кафе менин кызым Чынар Султанбековага таэнесинен мураска калган кафе болчу. 2010-жылга чейин кызым кичине болгондуктан, өзүбүз иштетип келгенбиз, мурдагы аты “Балтика” болчу. 2010-жылы түрк жараны Ифлазоглу Алиге  нотариус аркылуу келишим түзүп,  ижара акысын 20 миң сом деп  макулдашып, ижарага бергенбиз. Биздин келишим боюнча ижаранын мөөнөтү 2020-жылдын ноябрь айында аяктады. 10 жыл деген өтө чоң убакыт, бул мөөнөт бүткөнчө биз эч кандай келишимди бузган жокпуз, акчанын наркы 10 жылдын ичинде бир топ төмөндөсө дагы биз ошондогу 20 миң сом боюнча эле аренда акысын алып  келдик. Бүгүнкү күндө чындап айтсак шаардын борборундагы бакыйган кафени эмес,  2 бөлмө квартираны деле 20 миң сомго арендага алалбайсың. 10 жылдык келишим деген өтө чоң мөөнөт, бул убакта  ал өзүнүн кафеге жумшаган акчасын миң эселеп кайтарып алды, канча пайда көрдү. Бул жерде биз эч кандай өкүмзордукка барып, бир мыйзам бузган аракеттерди жасаган жокпуз, келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу гана кафени бошотуп бер деген талап коюп жатабыз. Мүлкүбүздү биз бирөөгө түбөлүк берип коймок белек? Биз Жарандык кодекстте, Турак жай кодексинде каралган укуктарыбызга таянып  мүлкүбүздү кайтарып бергиле деген талап коюп жатабыз.


- Өкмөттүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кортундусуна таянсак, бул кафенин айланасында мыйзамсыз курулуштар жүргүзүлгөн экен. Эч кандай документи жок жерлерге чейин кафенин аянтын чоңойтуп жиберген экенсиздер. Эмне үчүн мындай мыйзам бузууга бардыңыздар?


- Биз кафебизди  арендаторлордон өзүбүз алалы дегенибиздин дагы бир башкы себеби ошол маселе  болду. Биздин кафенин техникалык паспорту боюнча ээлеген аянты 100 чарчы метр жана 3 соток кошумча колдонууга берилген жер эле бар. Бирок, биздин ижарачы Ифлазоглу Али биздин макулдугубузсуз, эч кандай архитектуранын, экотехинспекциянын макулдугун далилдеген чечимдери жок, колунда бир дагы документи жок эле болжолдуу түрдө 10 сотоктай муниципалитеттин жерин өз билемдик менен ээлеп, кафени чоңойтуп салган. Мындай мыйзам бузууну аныктаган Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция кафенин ээси катары бизди сотко берди. Ишти Ленин райондук соту карап, “кафенин документинде каралган жерден башка муниципалитеттин жерине курулган курулуштардын баары бузулсун” деген чечим чыгарды. Экотехинспекция “кошумча курулуштарды жүргүзүүдө коопсуздук эрежелери эске алынбай, жогорку чыңалуудагы электр тогун алып өтүүдө эрежелер бузулуп, адам өмүрүнө коркунуч жараткан абал түзүлгөн” деп светин кесип салууга буйрук берген. Ал эми кошумча курулушка суу киргизүүдө дагы жердин астынан өтүүчү трубаларда нормаларды сактабай,  туура эмес жолдор менен  суу тартканы аныкталып, Бишкексууканалы ишканасы суусун кесип таштаган. Бул эрежелердин бузгандыгы боюнча баардык айып пулдар кафенин ээси катары менин кызыма келип жатат. Айып пулдарды кафенин арендатору эмес, ээси төлөп жатат. Бирок, арендатор түрк ишкери соттун чечимдерин да аткарбай, мыйзамсыз кеңейтип алган курулуштарды бузбай, убакытты созуп, соттун кийинки инстанциясына аппеляциялык арыз берип коюп эле ишкерлигин улантууда.  Светин кесип таштаса генератордун тогун пайдаланып, суусун кесип салса сууну ташытып колдонуп, санитардык нормаларды сактабай ишин жүргүзүп жатат. Элестетип көргүлө суу чыкпаса ажатканада, кафенин кухнясында кандай санитардык абал түзүлөөрүн. Санэпидстанция айып салса, ал дагы кафенин кожоюнуна келип атат, айтор айып пулдарыбыз көбөйүп кетти. Кыскартып айтканда бир түрк ишкеринин мыйзамсыз аракеттерин бакыйган борбор шаарыбыздагы 4 мекеменин, санэпидстанциянын, экотехинспекциянын, Бишкексууканалдын, Түндүкэлектронун алы жетпей жатат. Канча жолу сууну, светти уруксатсыз  өз алдынча кошуп алууга барды. Биз кафенин ээси катары соттун чечими менен да, башка мекемелердин чечимдери менен да макулбуз, өз колубузга алсак ашыкча курулуштарды буздуруп, баарын мыйзам чегинде кайра жолго салмакпыз. Өтө чарчадык. Кыргызстандын жараны башка өлкөгө барып ушундай баш аламан иштерди жасай алмак беле? Албетте жок. Анан биз эмнеге баардыгына макул болуп олтура беришибиз керек.


- Түрк ишкери ютуб каналындагы кайрылуусунда, кафенин кожоюндары кошумча курулуштарды жасаган жерлерге документ жасатып берем деп менден 70 миң доллар алган деп айтыптыр. Бул боюнча эмне дейсиз?


- 70 миң доллар деген бул 700 сом эмес, бирөөгө эч кандай тил кат жаздырбай эле, же нотариус аркылуу тастыктабай эле берип кое тургандай. Эч кандай тастыктаган далили жок эле каралоо аракетин көрүп жатат. Мунун оюу эптеп эле келишимдин мөөнөтү бүткөнүнүн айласын таппай убакытты созуп, ишкерчилигин улантуу. Далил катары журналисттерге кызымдын 3500 доллар, 2500 доллар алган дептерге кол койгонун көрсөтүптүр. Ал акчалар менин апамдан  ишкерлигин өнүктүрүугө 50 миң доллар карыз алып кеткен экен, апам үй саткан учурдан пайдаланып, ошол акчаларды бөлүп төлөп жаткан, ошого кол койгонун көрсөтүп коюптур. Биз эч кандай андан акча алган эмеспиз. Ал эми биздин колубузда анын карызга акча алдым 11 миң долларын бердим, дагы 39 миң доллары калды деген кагазы бар, силерге көрсөтүп жатам, сайтка материалды чыгарганда кошо тиркеп койсоңор болот. Мындан сырткары нотариус аркылуу милдеттенме (обязательство)  жазып берген, анда “акыркы бир жылдын ижара акысын албасаңар келишимдин мөөнөтү бүткөндө кафени кандай абалда алган болсом ошол абалында өткөрүп берем” деген. Бул документти дагы сайтка чыгарып койсоңор болот, сөзүм куру болбос үчүн. Биз дагы эмне кылышыбыз керек, өз мүлкүбүздү келишимдин мөөнөтү бүтсө деле бирөөгө  түбөлүккө берип коюшубуз керекпи.


- Сиз айрым маалымат булактарына бир тууганыңыз  Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматовдун өлүмүнө түрк ишкери Ифлазоглу Али да себепкер болду деген маалыматты айтыпсыз. Эмне себептен түрк ишкерин бул окуяга байланыштырып жатасыз?


- Ооба айтканым чын. Анткени, түрк ишкери “Таксим” кафесинин талаш маселесине байкемдин атын аралаштырып, “кафенин кожоюндары менин бизнесимди тартып алганы жатат, мага коркутуулар болууда, буга  бир тууганы Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов жардам берип жатат. Менин ишиме жолтоо болуп кафенин суусун, светин өчүрүп салды” деп байкеме жалган жалаа жаап, интернеттен каралаган материалдарды чыгарып атты. Буга чейин эле байкем инсульт алган эле, кант диабети менен жабыркап жүргөн эле, эл көзүндө жүргөн адам үчүн мындай каралоо оор болду. Каралоо башталгандан көп өтпөй эле кан басымы  көтөрүлүп, кант диабети козголуп, каза болуп калды. 

Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Маша
Этот Курт очень умён и хитер зная что в нашей стране не все стабильно пользуется моментов, мол не все сойдёт с рук чужестранцам
Азиза
Башка олкодон келип Кыргыз жеринде кенен журот !Эгерде биз болгондо минтип журо албайт элек оз каалаганыбызды кылып!!!!Мындайга жол бербеш керек
Жамал
Жакшы акча тушкон учун бербей жатат да ,болбосо откозуп Бермек Азыр 20минге андай жерден таба албайт
Жоодар
Документтерин бар экен баарын мыйрам чегинде чечсе болот
Ази
Туура кылат кайра озун сотко бериш керек !Аренда буткондо тынч откорбой кайра кыргыз элин элдин баарына сох кылып жатат 20мин деген эмне Акча😳 Мен 7квадрат метр жерди 25минге алам арендага