Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Эрнис Кыязов: 5-каналды Рахатка карматып, жамааттын көзүнчө ийгилик кааладым

12.01.2021 21:56
786
Эрнис Кыязов: 5-каналды Рахатка карматып, жамааттын көзүнчө ийгилик кааладым


"Ээси келсе бээсин бер" дегендей бүгүн Бешинчи каналга өйдө жактан "катталар" келип калыптыр капыл-тапыл. "Бээни ушул киши минип чапкылап көрсүн" деген Маммүлк фондусунун, жеке акционердин чечимин көтөрө келишиптир. Бээни минчү киши өзүм тааныган эле досум, тв майданда илгери далай отту-сууну бирге кечишкен чекист-досум Рахат Сулайманов деген таанышым экен. Былтыр октябрда күргүштөп келип "телеканалды басып алабыз, тартып алабыз" деген басмачы кишилердей эмес түрлөрү. Өкүматтык кагаз менен, сылык-сыпаа, жадырап жайнап келишти эле жадырап тосуп алдым. "Колунан иш келбей кетип аткан жокмунбу айтор?" деп жылмайсам, "сизге жетекчилик ыраазы, колуңуздан келишинче телеканалга салым коштуңуз, жакшы иштедиңиз" дешти бир ооздон. Андай болсо жакшы экен деп, өкүмөттүн акырынан жем жеген Бешинчи каналды Рахатка карматып, жамааттын көзүнчө ийгилик кааладым. "Момундай-тигиндей проекттерди ачып, саясий тараптардын баарын чакырган тв долбоорлорду кыялданып, планын чийип аттым эле, эми ушунун баарын туура десең ишке ашыр досум" деген каалоолорду айттым Ракеге. Өзүм барып Рахатты креслого олтургузуп " Кудай өзү туура жолдон адаштырбасын, оомин" деп бата бердим. Чогулушка жыйналган жамаат кандайдыр трагедия болгонсуп улутунуп, сумсайышат, "баары жакшы болот, негизгиси, айлык акыңар буюрса стабилдүү болот" деп жадырай тамашаладым.  Иш бөлмөмдө көп деле ташына турган буюм-тайымым жок экен, жайнамазымды алдым да, кошуна кабинеттеги аксакал кеңешчим Нарын Айып агага жолугуп ыраазылык айтып, а кишинин ыраазылык батасын алып, Рахатка "..досум, бизди бир сүрөткө тартып койчу" деп бир-эки ирмем сүрөткө түштүк. 


Ошол достор, эртең буюрса таң заарлап чыгыштан баягыдай эле таң атат, короздор кыйкырбаса деле Күн чыгат..


Тирүүлүк уланат. Пенделер күн сайын өзү менен өзү күрөшмөйдү улантат. Кудайга шүгүр, таланттуу жамаат менен иштешкениме, ошол тагдырды буюрган Жаратканга рахмат! Бешинчи каналда колуман келишинче өз потенциалымды жумшоого аракет кылдым, кимди таарынтсам, капа кылсам, "ушул жигит момундай иштерди кылса болмок" деп кимдир бирөөлөрдүн үмүтүн, ишеничин актай албай калсам кечирим сурайм. Аллах өлкөбүздү, өлкөдө жашаган баарыбызды сактасын, оомин! 


Эрнис Кыязов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн