Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 10:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Эрнис Кыязов: Жегенин ашказанга жете электе эле какатып-чаката баштаган жокпу?..

12.02.2021 14:32
914
Эрнис Кыязов: Жегенин ашказанга жете электе эле какатып-чаката баштаган жокпу?..

..саясый, кландык, бизнестик, уруулук, аймактык, а түгүл диний ар кыл үйүрлөр кайра эле бир эле кишини пааналап, бир эле кишиге үймөлөктөшүп, бир эле кишинин оозун карап, бир эле кишинин колдоосунан үмүт этишип, өздөрүнүн ошондой жанталашуулары менен (байкап же байкабай) чоооң аңдын проектисин чие башташкан жокпу? Качандыр бир кезде терең казылган ошол аңга кезинде өздөрү  жүгүнүп, жүгүрүп, бүгүлүп  аткан ошол бир кишини түртө салып басып кетишпес бекен?.. "Эй, быягы кандай болуп калды?"-деп непадам таң кала сурагандарга да жооптордун түркүн варианты  даяр. Маселен: "Бир киши өзү айткан болчу; бир киши өзү деген болчу; бир кишинин өзү менен макулдашканбыз; бир киши өзү уруксаат берди эле; бир киши өзү чечкен; бир киши в курсе эле болчу.ж.б.у.с..." деген сыяктуу түртө салма варианттар...  Кыргыз бийлигине ким келбесин, башкаруунун ажолук модели ашказанга  такыр аш болбосун каңкуулаган кызыл сигнал эмитен эле күйүп баштабадыбы? А түгүл  ошол ашты ак пейилдүүлүк менен канчалык жутайын десе деле жутулбай, ашказанга жете электе эле  какатып-чаката баштаган жокпу?.. 


Эрнис Кыязов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн