Эртең, 25-ноябрда Кыргызстанга «Moderna» вакцинасынын 115 миң дозасы келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, COVAX программасынын алкагында 115 миң доза вакцина алынып келинет.
«Вакцина бир жуманын ичинде аймактарда, ал эми эки күндүн ичинде Бишкек шаарында жеткиликтүү болот. Вакцинанын эффективдүүлүгү 90 пайыздан ашат. Дары -15...-25 температурада сакталат. Андан кийин аларды эритип, эмдөө пункттарында 30 күн сактоого болот», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн