Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эртең Акылбек Жапаровдун Кумтөр кенине барышы күтүлүүдө

24.08.2022 09:15
559
Эртең Акылбек Жапаровдун Кумтөр кенине барышы күтүлүүдө


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-августта Кумтөр кенине барары күтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу өзүнүн өкмөттөгү булактарына таянып билдирди.


Министрлер кабинети "Кумтөр" компаниясынын ишинде чоң өзгөрүүлөр болгонун 23-августта кабарлаган. Маалыматта Эсептөө палатасы тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилгени айтылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.


Расмий маалыматка караганда, Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады.


Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калды.


Булак: "Азаттык"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн