Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Эртең Бишкек жана Чүйдө сасык тумоого каршы эмдөө башталат

15.09.2020 13:56
1365
Эртең Бишкек жана Чүйдө сасык тумоого каршы эмдөө башталат


Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы эмдөөнүн 119,663 дозасынын биринчи партиясын сатып алды. Бул тууралуу министр Сабиржан Абдикаримов 15-сентябрдагы брифингде билдирди.  


Анын айтымында, эртең эмдөө башталат. 


"Учурда сатылып алынган вакцина республиканын бардык аймактарына таратылууда, эмдөө 16-сентябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жана бара-бара өлкөнүн бардык аймактарында башталат", - деди ал. 


Ал белгилегендей, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча, вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, көп учурда оорулуу балдарга, кош бойлуу аялдарга, иммунитети төмөн жана 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдар үйлөрүндөгү балдарга, карылар үйүндөгү адамдарга, интернаттардын балдарына, ошондой эле медициналык адистерине жүргүзүлөт.


"Вакцинанын экинчи партиясын алуу, 700 миң доза 21-сентябрдан кийин чечилет. Ал эми вакцинаны алуунун үчүнчү этабы 27-октябрдан 1-ноябрга чейин күтүлүүдө, 70 миң доза вакцина алынып келинет. Профилактикалык эмдөө менен камтуу республиканын калкынын 13% түзөт. ҮМБ, ҮДТ, СПС жана ФАПтын медициналык кызматкерлери тарабынан эмдөө жүргүзүү үчүн, тобокел топко кирген  адамдар чакырылат", - деди ал. 


Эмдөө ыктыярдуу жана акысыз жүргүзүлөт.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн