Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Эртең Бишкек жана Сокулук районундагы билим берүү мекемелери онлайн окутуу форматына өтөт

24.10.2023 09:05
368
Эртең Бишкек жана Сокулук районундагы билим берүү мекемелери онлайн окутуу форматына өтөт


Бардык мектептер, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлары эки күн бою онлайн окутуу форматына өтөт, бала бакчалар иштебейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.


Анын айтымында, онлайн окутуу 25 жана 26-октябрда өтөт. Буга чейин Билим берүү министрлиги тиешелүү буйрук чыгарган. Ал менчигинин түрүнө карабастан Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Сокулук районундагы билим берүү мекемелерине тиешелүү.


Эскерте кетсек, 23-27-октябрга чейин Бишкекте Кытайдын Премьер-министри Ли Цяндын расмий иш сапары жана Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнин иш сапары, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму жана Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин өкмөт башчыларынын жолугушуулары өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн