27-август күнү, Бишкек шаарындагы эски аятта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Достук» фестивалы өтөт. Иш чара Президенттин Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан өткөрүлөт.
Маалыматка ылайык, иш-чара эртең мененки саат 10:00 до салтанаттуу жөө жүрүш менен башталат.
Салтанаттуу иш-чара алкагында Кыргызстан элинин улуттар ассамблеясынын жана райондук маданият бөлүмдөрүнүн көргөзмөлөрү өтөт.
Сахнада, Чүй облусунун чыгармачыл топтору, эстрада солисттери салттык музыка, фольклордук чыгармалар жана популярдуу хиттерди аткарып майрамдык маанай тартуулашат.
Программанын классикалык бөлүмүндө - Чуй областтык камералык оркестринин жамааты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн