Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:56
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Эртең Бишкекте эки жаңы автобус каттамдары ишке кирет

31.01.2024 14:45
298
Эртең Бишкекте эки жаңы автобус каттамдары ишке кирет


Бишкек шаарында эртең, 1-февралдан тарта №145 жана №169 жаңы автобус каттамдары ишке кирет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамдарда маршруткалар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номерлүү автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 чакырым, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.


№169 автобус Ак-Ордо конушунан Шоро компаниясына чейин жүрөт. Анын узундугу 47 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 12 мүнөттү түзөт. Каттамда 14 автобус кызмат көрсөтөт.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн