Эртең, 24-сентябрда Бишкек шаарындагы 3 жаңы конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, "Ак-Жар" жана "Ак-Бата" суу кампаларында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 24-сентябрда саат 09:00дөн саат 16:00гө чейин "Ак-Жар", "Ак-Бата" жана "Келечек" конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт.
Ошондой эле №43 мектеп жана №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында да ичүүчү суу токтотулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн