Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү токтотулат

03.10.2022 09:42
375
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү токтотулат


Эртең, 4-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең муздак суу саат 9.00дөн 22.00гө чейин «Северный» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Суу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта өчүрүлмөкчү

Ошондой эле «Красный Строитель» , «Ак-Тилек», «Көлмө» , «Алтын Бешик», «Салам Алик» конуштарында дагы суу берүү токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн