Эртең, 2-октябрда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин, Бишкектин бир катар райондорунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасы билдирди.
Суу төмөнкү мекемелерде токтойт - турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери, социалдык жана өндүрүштүк объектилер.
Суу токтотула турган аймактар:
- Чүй проспектиси, М. Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси – Ала-Арча дарыясына чейин;
- Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.
Бул чектөөлөр “Белинский” суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
“Бишкексууканал” мекемеси жарандардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат жана жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн