Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:13
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт

15.04.2024 09:02
75
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт


Бишкекте 16-апрелде айрым аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматынан.

Таза суу саат 9:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү даректерде өчүрүлөт: 

  • Алыкулов көч. - БЧК - Ала-Арча-р. Л.Толстой көч;
  • Юбилейный көч – Горький көч (Пригородный айылы) – Садовой көч. (Пригородный айылы) – БЧК;
  • “Аскер шаарчасы”, “Кызыл Аскер”, 110 кичирайон, Достук.

Белгилей кетсек, “Батыш” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн