Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Эртең Бишкектин бир топ көчөсүндө электр энергиясы өчүрүлөт

05.07.2021 17:42
849
Эртең Бишкектин бир топ көчөсүндө электр энергиясы өчүрүлөт


Шейшемби, 6-июль күнү, Бишкектин кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.


Бригадалар Бишкекте жана жаңы кошуштарда трансформатордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт.


Электр энергиясы убактылуу өчүрүлө турган аймактар:


9:00дөн 17:00гө чейин — Байтик баатыр, Москва, Тыныстанов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү, Жаш гвардия проспектисиндеги № 38а дарегинде, 10-кичи райондогу № 3 үйдө жана Керемет, 110-квартал (Месароша, Профсоюзная көчөлөрү) конуштарында;


9:00дөн 18:00гө чейин — Ала-Арча, Арча-Бешик (Набережная, Ойсул-Ата, Термечиков, Миң-Куш, Абдрахманов, Кара-Коо, Садыбакасов, Он-Арча көчөлөрү) жана Ак-Өргө (Өмүр, Алты-Бакан, Мажүрүм, Саадак, Ак-Көчө, Тогуз-Канат, Күн-Көчө көчөлөрү) конуштары;


9:30дан 18:00гө чейин — Суванбердиев көчөсүндөгү № 102 үй.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн