Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Эртең Бишкектин үч конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

04.03.2024 09:56
429
Эртең Бишкектин үч конушунда суу убактылуу өчүрүлөт


Эртең, 5-мартта Бишкектин үч конушунда суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 5-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин Энесай, Дордой - 1, Дордой - 2 конуштарындагы турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу «Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн