Теке 07, 2025
Убакыт: 22:16
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Эртең Екатеринбург жана Санкт-Петербургдан Тамчы аэропортуна авиакаттам жанданат

09.06.2022 19:36
533
Эртең Екатеринбург жана Санкт-Петербургдан Тамчы аэропортуна авиакаттам жанданат

Екатеринбург менен Санкт-Петербурган Ысык-Көлдүн Тамчы айылына аба каттамдары уча баштайт. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, “Аэрофлот” авиакомпаниясы 10-июндан тарта Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург багыты боюнча жумасына эки жолу, Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча жумасына бир жолу каттамдарды аткарат.


Эскерте кетсек, “Аэрофлот” авиакомпаниясы 16-июндан баштап бейшемби жана ишемби күндөрү Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча, 19-июндан баштап S7 Airlines авиакомпаниясы жекшемби күндөрү Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча каттай баштайт.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн