Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 07:51
USD
87.30
87.80
EUR
102.90
103.90
RUB
1.045
1.075

Эртең Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол курама командалары беттешет

13.11.2024 14:52
2206
Эртең Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол курама командалары беттешет


Эртең, 14-ноябрь күнү Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол курама командалары беттешет.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында БАЭнин Абу-Даби шаарындагы "Мухаммад ибн Заед" стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, 19-ноябрда Акшумкарлар өз оюн талаасында Иран курамасы менен ойнойт.

Жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында, курамабыз буга чейин алты күн бою Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн