Эртең, 20-майда жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Бүгүн тест борборлорун даярдоо жана каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүрүүдө.
Тесттин биринчи этабы 20-21-майда, экинчи этабы 23-24-майда, үчүнчү этап 23-24-июнда өтөт.
Жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө 22-июнь күнү болот.
2023-жылдын 3-мартынан 7-апрелине чейин жүргүзүлгөн каттоого жалпы 47 миң 383 абитуриент катталган. Андан кыргыз тилинде тапшыра тургандар – 28 миң 120, орус тилин тандагандар – 19 миң 263.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн