Эртең, 3-мартта саат 10:00дө борборук аянтта КРнын Мамлекеттик туусунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков катышат.
"Ага карата бугүн борбордук аянттын эки тарабы жабылып, даярдык иштери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн