Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз эртең Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен жолугушат. Бул тууралуу элчи соцтармактагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, Шер-Нияз эртең ишеним грамотасын президентке тапшырат.
"Парижге караганда бүгүн Бишкекте жаңылык көп окшойт. Силерге Хюрем султан сулуу келе жатыптыр. Биздин жаңылык эртең болот. Эртең Франциянын тышкы иштер министирлигинин мамлекеттик протоколунун башчысы Филипп Франкка Ишеним грамотасынын копиясын тапшырабыз. Ал киши анан Макрон менен жолуктурат ага грамотанын оригиналын тапшырабыз. (Биринчи фото биздин элчиликтин ичи, экинчи фото архив Хюрем сулуу менен кыргыздар Лос Анджелесте)",- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн