Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эртең Жогорку Кеңештин жыйыны болбойт

10.05.2023 17:46
265
Эртең Жогорку Кеңештин жыйыны болбойт


Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана Аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.


Координациялык кеңеш жыйындардын календардык планын бекитип, муну менен катар каралчу маселелердин тизмесин тактады.


Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 11-майында Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата маарекелик иш-чаралар өтөт. Андыктан аталган күндөгү парламенттин жыйыны кийинкиге жылдырылды.

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн