Теке 03, 2024
Убакыт: 23:38
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Эртең бизнес форум өтөт. Кыргызстанга БАЭнин экономика министри келет

01.06.2022 00:22
827
Эртең бизнес форум өтөт. Кыргызстанга БАЭнин экономика министри келет

Бишкекте эртең, 1-июнда, кыргыз-эмират бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Аталган иш-чара Бириккен Араб Эмирлигинин экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри жана Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Абдулла Аль-Мазруинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында уюштурулган.


"Бизнес-форумга эки өлкөнүн авиация, энергетика, соода, инвестиция жана өнөр жай сыяктуу ар кайсы тармактардагы алдынкы компаниялар катышат. Делегациянын курамында экономиканын бардык тармагында ишмердүүлүк жүргүзгөн БАЭнин флагман компанияларынын өкүлдөрү бар. Өзгөчө Mazdar, Wizz Air Abu Dhabi, Foody World Foodstuff Trading, Corodex Industries, United Food Company, Royal Startegic Partners компанияларын белгилей кетүү керек", — деп айтылат маалыматта.


Ошону менен бирге эки мамлекеттин экономика министрлеринин жана бизнесмендеринин "1+7" форматында жолугушуусу өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн