Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Эртең кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү жайында убактылуу чектөөлөр киргизилет

05.03.2024 12:41
148
Эртең кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү жайында убактылуу чектөөлөр киргизилет


"Кыргызтелеком" ААК байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү боюнча профилактикалык жумуштардын жүргүзүлүүсүнө байланыштуу эртең, 6-мартта саат 9.00дөн 14.00гө чейин "Ак-Тилек-автожол" көзөмөл өткөрүү жайында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан жол жүрүү багытын жана убактыларын алдын ала пландаштырып алууларын суранат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан башка чек ара өтмөктөрү штаттык режимде иштейт.

Эскерте кетсек, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде төмөнкү көзөмөл өткөрүү жайлары жайгашкан:

  • Чүй облусунда: - "Токмок-автожол", "Кен-Булуң-автожол", "Ак-Тилек-автожол", "Чалдыбар-автожол";
  • Талас облусунда: "Чоң-Капка-автожол".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн