Эртең, 23-август күнү өлкө аймагындагы мечиттерде бешим намазынан кийин жол кырсыгынан көз жумган мекендештерибиздин рухтарына багышталып Куран окулат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев 13:30да ордо калаабыздагы эски борбордук мечитте дин кызматкерлери тарабынан окулган хатм Куранды маркумдарга багыштап дуба кылмакчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн