Аяк оона 14, 2024
Убакыт: 11:44
USD
84.40
84.90
EUR
93.00
94.00
RUB
0.920
0.955

Эртең менен сергек туруунун сырлары

29.08.2024 10:34
316
Эртең менен сергек туруунун сырлары


Эртең менен ойгонуу кээ бирөөлөр үчүн оңой болсо, айрымдар үчүн чоң түйшүк. Ойгонорун ойгонуп алып, кечке уйкусурап жүргөндөр дагы жок эмес. Ошон үчүн таң аткандан баштап кантип сергек болуш керек? Мына ушул суроого жооп издейбиз. 


- Уйку эртең мененки сергектикке чоң таасирин тийгизет. Кандай уктасаңыз, ошондой ойгоносуз. Кеч жаткан болсоңуз, албетте, кеч ойгоносуз. Ошон үчүн эрте жатып, эрте ойгонгонду адатка айлантуу зарыл. Анткени, буга адамдын организми дагы көнүшү керек;


- жатаарда телевизор көрбөгөн туура. Айрыкча жаңылыктарды. Анткени, адамдын мээсине маалыматтар оордук кылып, ойду жакшы нерсеге буруу кыйыныраак болуп калат;


- “эртең менен мынчада турам” деп ишеничтүү дем менен бир нече жолу кайталоо зарыл. Бул мээге жазылып калат дагы, сизге керек учурда ойгонууга түрткү берет;


- эртең мененкиге жагымдуу бир нерсени пландап коюңуз. Балким өзүңүзгө жаккан майтокоч сатып алууну, же дагы башка...


- будильникти өз жайына койгонуңуз оң. Туруу убактысын улам-улам жылдыра берүүнүн кажети жок. “Дагы бир аз уктап алайын” деп жылдырган менен мээңиз коңгуроону күтүп, баары бир уктай албайсыз; 


- жарык бөлмөдө ойгонууну психологдор кеңеш беришет. Кечинде баардык пардаларды тартып жаткан болсоңуз, мындай шартта ойгонуу кыйыныраак сезилет. Бирок сизди ойгото турган адам болсо, пардалардын баарын ачып салып, бөлмөгө күндүн жарыгы тийгенде сизди ойготушун сурансаңыз болот; 


- будильниктин музыкасына шайыр, маанайды көтөрө турган, анан дагы эң башкысы, сизге жаккан музыканы коюңуз;


- ойгоноор менен жакшы нерсени ойлонуңуз. Балким, келечекти кыялдансаңыз болот. Таза аба сиздин уйкуңузду алыска айдап, сергектикке алып келет;


- муздак-ысык суудан контрасттык душ кабыл алыңыз. Буга чыдабасаңыз, жок дегенде муздак суу менен бетиңизди жууп алыңыз;


- жагымдуу музыканын коштоосу менен ар кандай көнүгүүлөрдү жасаган туура. Балким, түгөйүңүз менен чогуу жасайттырсыз. Бул эми сиздин фантазияңызга жараша болот;


- жумуш орунуңузга маанайды көтөрө турган сүрөттөрдү же сувенирлерди коюп алыңыз.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн