Теке 19, 2025
Убакыт: 05:07
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Эртең президент Жапаров Конституция боюнча элге кайрылуу жасайт

04.05.2021 13:31
777
Эртең президент Жапаров Конституция боюнча элге кайрылуу жасайт


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эртең, 5-майда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт.

Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - Жогорку Кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Башталышы саат 10:00дө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн