Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 14:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Эртең президенттин катышуусунда "Наристе" фестивалы өтөт

31.05.2022 19:16
798
Эртең президенттин катышуусунда "Наристе" фестивалы өтөт

Эртең, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Наристе” II Эл аралык балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында борбор калаанын Чүй проспектисинде өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 3000ге жакын катышуучулардан турган параддык жүрүш өтөт. Андан соң фестивалдын ачылыш аземи болот.


Андан кийин Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балалык ыргагында” иш-чарасы өтөт.


Иш-чараларды УТРК жана республикалык телеканалдар түз алып көрсөтөт.

Эфир башталышы 09:00.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн