Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эртең "Адинай" сейил багында кан тапшыруу акциясы өтөт

25.09.2020 12:24
1164
Эртең "Адинай" сейил багында кан тапшыруу акциясы өтөт


Эртең, 26-сентябрда саат 09:00дөн саат 14:00гө чейин "Адинай" сейил багында кан тапшыруу акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, акцияны шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте өткөрүүдө, анда каалаган жаран донор боло алат.

"Шаардыктарга кан басымынын пайда болуш факторлору жөнүндө айтылып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча кеңештер берилет. Бул, айрыкча, коронавирус терапиясынан кийин абдан маанилүү", - деп айтылат маалыматта.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери дагы четте калбай, кан донору болушту.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн