Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эртең түштүк аймактарда кар жаашы күтүлөт

09.03.2020 16:30
736
Эртең түштүк аймактарда кар жаашы күтүлөт


Эртен, 10-мартта Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 


12-мартта күндүз жана 13-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 


Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.


14-мартта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жана 14-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 


Бишкек шаарында 10-14-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.


Ысык-Көл облусунда 10-14-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.


Ал эми 10-14-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн