Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Эртеңден тарта AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталат

Эртеңден тарта AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталат

Эртең, 22-июлдан баштап коронавируска каршы эмдөөгө AstraZeneca вакцинасы колдонула баштайт. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова "Биринчи радионун" эфиринде айтты.


"AstraZeneca вакцинасын кайсы пункттардан алса болорун кененирээк маалымдайбыз. Европанын көпчүлүк өлкөлөрү өздөрүндө колдонулуп жаткан вакциналар менен чет элден келе турган жарандардын эмделүүсүн талап кылышат. Андыктан биз бул вакцинаны каалоочуларга жана AstraZeneca`ны тааныган өлкөлөргө бара тургандарга сунуштайбыз. Аталган вакцина бардык жарандарга жеткиликтүү болушун камсыздоого аракет кылабыз", - дейт ал.


Буга чейин Азербайжандан Кыргыз өлкөсүнө кайтарымсыз негизде AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы алып келинген. Вакцина аймактарга эми таратылат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн