Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:07
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Эртеңден тарта «Унаа» мекемесинин Бишкектеги батыш бөлүмү ишин токтотот

14.03.2024 09:25
104
Эртеңден тарта «Унаа» мекемесинин Бишкектеги батыш бөлүмү ишин токтотот


15-марттан тарта «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги батыш бөлүмү ишин токтотот.

Мекемеден билдиришкендей, аталган бөлүмдүн кеңсеси жайгкашкан Алыкулов көчөсү, 3/10 дарегиндеги имарат реконструкцияга жабылды. Мындан улам ижара келишими бузулган.

«Унаа» мекемеси Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрүндө кезек күтүүнүн алдын алуу максатында 16-марттан баштап пилоттук режимде төмөнкү бөлүмдөрдү жети күндүк иш тартибине өткөрөт:

  • Бишкек шаары, Элебесов көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан Аламүдүн бөлүмү;
  • Таш-Дөбө айылы, Больничная көчөсү, 41 дарегинде жайгашкан Таш-Дөбө сектору;
  • Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан Сокулук-Москва бөлүмү.

Эскерте кетсек, 26-февралдан тарта Бишкек шаардык бөлүмү түшкү тыныгуусуз жети күндүк иш графигине өткөн.

Ошондой эле борбор калаанын батыш тарабынын тургундары ишембиден шаршембиге чейин саат 08:30дан 17:30га чейин “РИОМ-Авто” унаа базарынын аймагында жайгашкан аймактар ​​аралык бөлүмүнө кайрылса болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн