Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эртеңден тарта рейд жүрүп, мотоцикл, скутер айдагандарга катуу чаралар көрүлөт, - ЖКККББ

11.09.2024 13:36
266
Эртеңден тарта рейд жүрүп, мотоцикл, скутер айдагандарга катуу чаралар көрүлөт, - ЖКККББ


Эртең, 12-сентябрдан тарта рейд жүрүп, мотоцикл, скутер айдагандарга катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы тараткан кайрылууда жазылган.


Анда соңку учурларда мотоцикл, скутерлердин катышуусунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып жатканы айтылган.


"Айрыкча түнкүсүн катуу үндөр элдин уйкусун бузуп, катуу ылдамдык менен айдап башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратышууда. Ошол себептүү ЖКККББ кырсыктарды алдын алуу максатында өлкө аймагында мотоциклдерге, скутерлерге карата чоң масштабда рейд жүргүзөт", — деп жазылган маалыматта.


Ошондой эле тийиштүү документи жок айдагандарга айып салуу менен мотоциклдери айып короого токтотулары кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн