Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери мамлекетибизди башкарып келген президенттердин дээрлик баарынын эң чоң катачылыгы – бул элди саясаттан алаксыта турган көрүнүктүү иштерди жасабаганы болду. Албетте, элди саясаттан алаксытуу дегенде, элди алаксытып коюп, өздөрү мамлекетти каалагандай талап-тоной беришсин дегендик эмес. Тескерисинче элдин аң-сезимин саясаттын сасык оюндары менен эле толтура бербей, өлкөнүн эртеңки жаркын келечегине ишенимди ойгото тургандай иш-аракеттерди жасоо.
Мисалы, Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки СССРдин экономикалык абалы кандай эле? Баары талкаланган. Кыйраган шаарлар, кара нанга да дурусураак тойбогон адамдар калган. Жакындарын жоготуп сыздагандар, окко колу-бутун жулдуруп мунжу болгондор көп эле. Алардын курсактары ач, кийимдери жыртык жана жупуну эле.
Бирок, биздин азыркы коомдогу адамдардан айырмаланып, алардын көкүрөктөрүндө үмүттүн жанып турган чоң жылдызы бар болчу. Жан дүйнөлөрү жакыр эмес эле. Эмне үчүн? Себеби советтер союзун жетектеп турган бийлик элдин маанайын көтөрүп, эртеңине ишеним жарата турган идеологияны тынымсыз жүргүзүп турган. Ал учурда акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү элдин көкүрөгүн күнүгө жакшы тилек, алып-учкан ой-максаттарга жетелеп келген.
Бүгүнчү? Бүгүнкү биздин өлкөдө 1945-жылга салыштырмалуу элдин курсагы ашыгы менен ток. Кийимдери бүтүн. Бирок, көкүрөк бош, көңүл ток эмес. Себеби, бийлик башындагылар элдин камын ойлобой эле, дайыма кырчылдашып бийлик талашуу менен алек. Мамлекеттин тагдырын ишенип тапшырган адамдар өздөрү ток пейил боло албай жатса, анан кантип эл ток пейил болот? Акын-жазуучуларга «өз оокатыңарды өзүңөр кылгыла, чыгарма жазсаңар, аны бизге милдет кылбай, китеп кылып өзүңөр чыгаргыла» деп койгонубузга көп жылдар болду. Маданият кызматкерлери да өлбө жаным, өлбө деп эле иштеп келатышат. Анан өздөрүнүн курсагы жакшы тойбой, мамлекеттин өгөй балдарындай болуп турса, алар кантип элдин көкүрөгүн толтура алат?
Маданиятка, адабиятка көңүл буруу дегенде бийликтеги адамдарга жакшы көрүнө алган, ошолор менен тил табыша алгандарга эле мамлекеттик сыйлыктарды берип, үй алып берип койгон менен маселе чечилбейт. Маселе комплекстүү каралышы керек.
Эгерде элди саясаттан алаксытып, тарбиялуу, билимдүү, маданияттуу коомду кайрадан түзүү багытында кадамдар бүгүнтөн баштап жасалбаса, анда жакынкы жылдарда ит-мышыктарыбыз да саясатка аралаша баштайт. «Ансыз да мамлекетте акча жок болуп жатса, силер өзүңөрдү өзүңөр каржылашыңар керек да» деген мамиле жарабайт. Аларга кеткен жылдык каражатты бир эле чиновник бир эле жолу пара кылып алып коюп жатпайбы. Ал паракор чиновник өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн бай жашоосун гана камсыздаганы болбосо, элдин курсагын тойгуза албайт. Жан дүйнөсүн да тойгузбайт. Тескерисинче жакырлантат. Ал эми ошол бир паракор чиновник алган акчанын суммасындагы каражат менен акын-жазуучуларды, маданият өкүлдөрүн үзгүлтүксүз каржылоо жүрсө, ал 2-3 жылда кадимкидей жемишин берет. Коом кайрадан маданияттуу боло баштайт. Ушул багытта азыркы бийлик ойлонуп жатабы?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн