Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эс алгандан кийинки 2 "бирок"...

24.05.2021 10:43
937
Эс алгандан кийинки 2 "бирок"...


Кечээ Кашка-Сууга эс алганы бардык. Жайлоо. Жапжашыл жаратылыш. Шаардыктар бир сутка дары берип кармап, анан жайытка чыгарган малдай эле жайылып кетишти. Тердиктей да жер калбай, түштөн оогончо тээ ылдыйдан жылдыз курттай унаалар чубап, коктунун ичи музыка, каткырык, ыр, балдардын күлкүсүнө толду. Эс оогончо эс алдык. Бирок...

1. Биз каз катар тигилген 3 боз үй жана бир канча топчандар турган жерден орун алдык. Ижара акысы 4000 сом болду(бир топчан, бир боз үй). Биздин катарыбызда 2 дагы эки боз үй, 4-5 топчан, андан тышкары жайдак талаада эле 7-8 кампания эс алып жатышты. Баарынан кейиштүүсү жакын аралыкта бир дагы ДААРАТКАНА жок болду. Орой айтканда, арча-кайың арасы, сай, жапсардын баары бок болду. Экологдор эмнеге мындайга уруксат берет билбейм. Эми улуу сөздө уят жок демекчи, адамдын заарасынан өткөн зыянкеч химикат жок болсо керек. Кайран жаратылыш жабыркап кана кала берди....

2. Баягы эле баарыбыз жазып келген, айтып келген, какшап келген таштанды маселеси. Эртең менен келатканда көтөрүнүп баса албай келгендер кечинде шарактаган бойдон кубалашып түшүп кетишти. Анча-мынча уяты бары ичкен-жегенден калган калдыктарын пакеттерге салганы менен, аны өздөрү менен ала кеткендер ондун бири эле болду окшойт. Көпчүлүгү караган-бутанын арасына ташташты, кээ бирлери унаа токтоочу жайдын жанына үйүп кетишти. Хотя ал жерде ""таштандыны ушул жерге таштаңыз" деген бир белги жок, бир челек, бир чуңкур жок!
Кайсы бир кемпай унаасына өзү жеп-ичкенден калган калдыкты салгысы келбей, ошол жерге таштай качкан да, аны көргөндөр "аа ушул жерге таштайт турбайбызбы" деп үйүп кете берген.

4-5 миң сомго трактор жалдап келип, даараткана жасатып кое албаган ошол жердин ижарачылары күн сайын ошол таштандыны чогултуп чыгарып, утилизация кылаарына өтө эле шегим бар....

Кыскасы, тоонун таза абасын жутуп, бирок, акысына таштандыны таштап кете берген, маданиятсыз, адепсиз, акылсыз эле калк болуп баратабыз.

Тынчтык Алтымышев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн