Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:00
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Эс алуу жок. Жогорку Кеңеш дагы дээрлик бир ай иштейт

02.07.2021 20:09
1575
Эс алуу жок. Жогорку Кеңеш дагы дээрлик бир ай иштейт

Урматтуу Кыргызстандыктар !


Учурда социалдык тармактарда түрдүү маалыматтар тараталууда. 

Алардын ичинде: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары “... чарчашып каникулга чыгып кетишти... “Отпускной” деп 200 000 сомдон 300 000 сомдон акча берилет” деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.


Сиздерге белгилүү болгондой, өткөн жумада 2021-жылдын 30-июнунда VI-чакырылышынын сессиясынын жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргызстанда пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, Элибизге, өлкөбүзгө зарыл болгон жана колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуубуз зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан. 


Чындыгында, короновирус инфекциясынын күч алышы өлкөдө оор кырдаалды жараткандыгына байланыштуу, анын кесепеттерин жоюу, келип чыккан маселелерди ыкчам түрдө чечүү - бул мамлекеттик бийлик органдарынын түздөн түз милдети.


Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарынын сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламент жөнүндөгү” Мыйзамдын 34-беренесин жетекчиликке алып, 2021-жылдын 5-июлунан 30-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кезексиз сессияны чакыртууга тескеме кабыл алынды. 


Кезексиз сессияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши жыйындардын алкагында тиешелүү зарыл болгон мыйзам долбоорлору каралып, өлкөбүз үчүн маанилүү болгон маселелер талкууланат.


Ишенем биз биргеликте жана ынтамакта гана оор кырдаалдан чыгабыз!


Терең урматтоо менен

Талант Мамытов!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн