Эс алууга тараган Жогорку Кеңештин депутаттары 200-300 миң сомдон (отпуск) алат. Бул тууралуу мурдагы депутат Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Депутаттардын айлык албай иштейбиз деп айткандары эсиңиздердеби? Эл өкүлдөрү жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин шайлоо жөнүндө мыйзам кабыл алып, ыйгарым укуктарын июнь айына чейин узартышкан. Бирок, алар бул мыйзамды унутуп деле койгон сыяктуу. Мына эми чарчап калган экен эс алууга кетишти. Алар шайлоочулар менен бир ай жолугушуп, бир ай эс алышат",- деп билдирүү калтырган Масалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн