2022-жылдын январь айынан июнь айына чейин "Кумтөр" компаниясы "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин каржылоого 1,9 миллион доллар короткон.
Эсеп палатасынын маалыматы боюнча бул каражаттын басымдуу бөлүгү - 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн