Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эсеп палатасынын аудити мыйзамсыз 2,5 млрд сомду аныктап, 80 миллиону кайтарылды

16.06.2020 08:53
1072
Эсеп палатасынын аудити мыйзамсыз 2,5 млрд сомду аныктап, 80 миллиону кайтарылды


Бюджет жана финансы боюнча комитети кечээ, 15-июндагы жыйынында Эсеп палатасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун укту. Бул маселе боюнча Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов баяндама жасады, деп маалымдады ЖК басма сөз кызматы.

 

Анын маалыматы боюнча, Эсеп палатасы 141 аудитордук текшерүү жүргүзгөн. Аудиттин жыйынтыгы боюнча каржылык мыйзам бузуулар 2,5 млрд сомду түзүп, анын ичинен 80 млн сому кайра кайтарылган. "Кайтарылган каражаттардын көлөмү жалпы сумманын 40 пайызын түздү”, - деп белгиледи Эсеп палатасынын төрагасы.

 

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик тартиптин сакталышы, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле аудитти өткөрүүнүн механизмдерин жакшыртуу тууралуу суроолорду беришти.


Жыйынтыгында Эсеп палатасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө төраганын отчетун жактыруу жана тиешелүү токтом долбоору менен Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу боюнча чечим кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн