Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 18:55
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Эсеп палатасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

16.02.2021 11:14
1109
Эсеп палатасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

15-февралда  УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Эсеп палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспекторун пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Эсеп палатасынын инспектору М.С., Нарын облусунун Ат-Башы районундагы үч айыл округунда бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзгөндүгү аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз акт түзгөндүгү үчүн, ал райондун айылдык округдарынын биринин башчысынан опузалап 60 миң сом алган.


Кармалган кызматкер Нарын облусундагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бакыт
Камаган сайын күчөйт ко, паракорлор.