Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Эсептөө палатасы Бишкек мэриясында, Транспорт министрлиги жана "Кыргыз темир жолунда" каржылык бузууларды аныктады

14.01.2023 08:54
586
Эсептөө палатасы Бишкек мэриясында, Транспорт министрлиги жана "Кыргыз темир жолунда" каржылык бузууларды аныктады

КР Эсептөө палатасы «Кыргыз темир жолу» МИда, Бишкек мэриясында («Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу»долбоору) жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде (Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобундагы “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу, 2-фаза, “Арал-Казарман” участогу” жана “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун реконструкциялоо, 159 км-183 км, 3-фаза” долбоорлору) каржылык тартип бузууларды аныктады.


2023-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппараттын кызматкерлери, ошондой эле текшерилген объектилердин өкүлдөрү катышты.


Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» МИнын 2021-жылга карата ишмердүүлүгүнүн шайкештик аудити, 2013- 2021-жылдардагы мезгил аралыгындагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорунун кредиттик жана гранттык каражаттарынын натыйжалуу пайдаланышына, «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобундагы “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу, 2-фаза, “Арал-Казарман” участогу” жана “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун реконструкциялоо, 159 км жана 183 км, 3-фаза” долбоорлорунун ишке ашырылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттеринин отчеттору каралды.


«Кыргыз темир жолу» УК» МИда жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 1 227 609,4 миң сомдук каражаттарды чыгымдоодо төмөнкүдөй каржылык тартип бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен:


- эмгек акынын негизсиз төлөмдөрү – 2 млн 180,4 миң сом;


- иш сапарынын чыгымдарын негизсиз эсептен чыгаруу - 154,1 миң сом;


- курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыкча баалоо - 420,8 миң сом;


- жашырылган дебитордук карыздар - 1 млрд 165 мле 154,9 миң сом, анын ичинен текшерүү мезгилинде эсеп боюнча калыбына келтирилген - 1 млрд 105 млн 453,0 миң сом;


- ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыз - 59 497,5 миң сом, анын ичинен 59 308,7 миң сому эсеп боюнча калыбына келтирилген;


Бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 148 млн 309,5 миң сом, анын ичинде:


- салык мыйзамдарын бузуу - 5 млн 742,2 миң сом;


- бюджетке чегерилүүчү ижара акысы – 86,5 миң сом;


- республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн 50%ы - 142 млн 480,8 миң сом.


Бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 2 млрд 339 млн 730,4 миң сом.


Сарамжалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 781 млн 934,1 миң сом, анын ичинде:


- пландаштырылган максаттарга жетпестен айрымиш-чараларга жумшалган каражаттар - 308 млн 119,4 миң сом;


- мамлекеттик сатып алуулардагы процедуралыкбузуулар - 473 млн 814,7 миң сом.


«Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорунун кредиттик жана гранттык каражаттарын пайдаланылышы боюнча аудитте да ар кандайтартип бузуулар аныкталган.


Борбор калаанын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан келишимдин шарттарынын натыйжасыз аткарылышы жана милдеттенмелердин өз убагында аткарылбагандыгы, жер тилкелерине документтердин (жаңы полигон, мелиоративдик аянт) талаптагыдай эмес даярдалышы Долбоордун каражаттарынын жалпы 1 млн 533 миң 574,27 евро суммадагы натыйжасыз пайдаланылышына алып келди. Кредиттик каражаттарды өздөштүрбөгөндүгү үчүн комиссияларды төлөөдөн улам муниципалдык ишканалардын кирешесин жоготуу – 251 миң 919,83 еврону түздү.


Валюта эсебин муктаждыксыз ачуунун жана валютаны конвертациялоонун эсебинен курстук айырмага байланыштуу кошумча чыгашалар жасалган – 295,7 миң сом.


КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобундагы “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу, 2-фаза, “Арал-Казарман” участогу” жана “Түндүк-Түштүкальтернативдүү жолун реконструкциялоо, 159 км-183 км, 3-фаза” долбоорлорунун ишке ашырылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча АКШнын 52 миң 594,9 доллар суммасындагы каржылык тартип бузуулар аныкталган.


2-фаза, “Арал-Казарман” участогу” жана “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу” долбоору боюнча China Road and Bridge Corporation подрядчысы тарабынан иш көлөмүн 52 миң 594,9 АКШ долларына ашыкча баалоо аныкталган.


Андан тышкары, аудиттин жыйынтыгында 2-фаза долбоору боюнча 3 эстакадалык көпүрөнү жана 1-фазадагы 2 галереяны долбоорлоого багытталган 530 миң долларга жумуштун көлөмүн кыскартуунун натыйжасында ссудалык каражаттардын үнөмдөлгөн суммасы аныкталды, бул жеңилдетилген кредиттик келишимдердин шарттарын бузуу болуп саналат.


Отурумдун жыйынтыгында токтомдор кабыл алынып, Эсеп палатасынын тапшырмалары жана сунуштары аудит объекттерине жөнөтүлөт. Ошондой эле аудиттин материалдары тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн