Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Эсептөө палатасы Ноокат районунун бюджетинде 23 млн сомдук каржы бузууларды аныктады

09.01.2024 09:20
625
Эсептөө палатасы Ноокат районунун бюджетинде 23 млн сомдук каржы бузууларды аныктады


Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жана 2022-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүздү.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, анын жыйынтыгында райондун бюджетинде 23 млн 30,4 миң сом каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 954,5 миң сом;
  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, ошондой эле туумдарды жана айып пулдарды эсептөө, төлөө боюнча көзөмөлдөө чараларынын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 1273,8 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 86,4 миң сом;
  • максатсыз чыгымдар – 30,5 миң сом;
  • казынага түшпөй пайдаланылган каражаттар –185,5 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу – 2191,5 миң сом;
  • эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 1054,8 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдалышы –551,8 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын, акча каражаттарынын ченемден ашыкча корлору – 270,5 миң сом;
  • отчет берүүчү кызматкерлердин иштен бошогондон кийин, алар тарабынан отчеттуулукка берилген акча каражаттарынын кайтарылбашы – 100,0 миң сом;
  • негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 11287,0 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 2023,5 миң сом,;
  • тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 100,7 миң сом;
  • ижара келишимин бузуу – 45,0 миң сом;
  • эмгек акы, иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 439,3 миң сом;
  • дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 2435,8 миң сом.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн