Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Эсептөө палатасынын аудитору 100 миң пара үчүн 800 миң сом айыпка жыгылды

18.08.2023 11:03
596
Эсептөө палатасынын аудитору 100 миң пара үчүн 800 миң сом айыпка жыгылды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту 100 миң сом пара алган Эсептөө палатасынын аудиторун 800 миң сом айыпка жыкты. Өкүм Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.


Иштин материалдарында Ш.В.К.нын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болуп иштегени көрсөтүлгөн. Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине аудит жүргүзүү үчүн Нарын районуна жөнөтүлгөн.


2023-жылдын 16-майында айыл өкмөт башчысынын иш бөлмөсүндө текшерүү учурунда аныкталган каржылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн андан пара катары 160 000 сом талап кылган.


Кеңеш башчысы керектүү сумманы чогултуу кыйын экенин айткан. Андан кийин Ш.В.К 120 миңге түшүргөн. Бирок, кеңештин башчысы айылдык кеңештин финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн оң корутундусу үчүн пара катары талап кылынган сумманы 100 миң сомго түшүрүүнү суранган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн