Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 05:03
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Эшек менен Арстан

27.06.2021 10:50
5400
Эшек менен Арстан


Эшек күн сайын Арстанга келип, аны күрөшкө чакырат экен. Арстан болсо анын чакырыгына көңүл бурбайт экен. Ошондо Эшек огош бетер күчөп "Кана?! Арстан кыйын болсо майданга чыксын, бетме-бет сүйлөшсүн" - деп кыйкырар экен. Эшек адаттагыдай ар күнү Арстанга барып, баягы эле сөздөрүн айтып, "Эгер мени менен күрөшкө чыкпасаң, сени бүт ааламга жар салып, шерменде кылам" - дейт экен. Анда Арстан кебелбей туруп "Эй Эшек! Бар ааламга жар сал. Мени "алсыз" дешсе коркпоймун. "Арстан Эшек менен алышыптыр" дегенден көрө, мен үчүн "Арстан алсыз" дешкендери жакшыраак" - деген экен.


Анысыңары биздин айланабызда да майдачыл, сөзгө түшүнгүсү келбеген, текебер, унчукпай сый көрсөтсөң алсыз эсептеген, көрүнгөнгө жамантты кылгысы келип, артыңан сөз кылган адамдар бар. Аларга күчүңдү, нервиңди, убакытыңды коротпой, андан бийик болуп, өз максаттарыңа карай жүрө бер. Сенин алсыз же күчтүү экениңди, ичиңдегини Кудай билсе болду. Адамга жакшылык кыл, бирок кайра андан аны күтпө. Аллахтан гана күт. Анткени Аллах  кыпындай да жакшылыкты текке кетирбестен, анын кайрымын сөзсүз кайтарат.


Бийик бол!

Нуржигит Карыбеков, "Ыйман Нуру" партиясынын лидери

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн