Бүгүн, 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү.
Мамлекеттик салык кызматы ушуга байланыштуу салыкты төлөй элек жарандарды бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга чакырат.
Салыкты банктардын кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн